Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №9
Миң-Булак айыл аймагына тиешелүү “Сейталы” көрүстөнүнөн Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылынын тургундары пайдаланып келет. Айылдын калкы өсүп бара жатат. Көрүстөнгө каралган жер участогу жок болгондугуна байланыштуу депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагына тиешелүү көрүстөндөргө менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылары алынсын.
2. 2019-жылдын 1-майынан баштап Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылынын тургундарына “Сейталы” жана жаңы ачылган көрүстөндөргө сөөк коюуга тыюу салынсын.
3. Аталган маселе тууралуу Ак-Дөбө айыл аймагына кат жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|