Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры №1
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобону бекитүү жөнүндөгү 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругу менен жөнөтүлгөн типтүү жобону карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы жободо каралган тартипте төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Усенов Р.-депутат, комиссиянын төрагасы;
2. Темиркулова Ж.-социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис, комиссиянын катчысы;
3. Анарбаев А.-айыл тургуну;
4. Адылбекова Н.-ЧМГ нын директору;
5. Бокубаева Т.-“Баластан” балдар бакчасынын башчысы;
6. Султанкулов Б.-киреше боюнча жетектөөчү адис;
7. Солтобаев Ж.-депутат;
8. Токталиев У.-депутат;
9. Шатманбеков Э.-айылдын тургуну
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|