МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХ сессиясы
2018-жылдын 07-декабры №5
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” №131 токтомунун 5-пунктун жетекчиликке алып, айыл өкмөт кызматкерлеринин ишине дем берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен эмгек акы төлөө фондусунан үнөмдөлгөн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты айыл өкмөт кызматкерлерине дем берүүчү төлөөлөргө жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|