Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-февралы №10
Улахол айыл аймагынын Шор Булак, Оттук айылдарына футболдук аянтчаларын куруу боюнча жер участокторун бөлүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айылдык аймагынын Шор Булак айылына футболдук аянтчасы С.Эркимбаев атындагы орто мектебинин түндүк тарабына курууга макулдук берилсин.
2. Улахол айылдык аймагынын Оттук айылына футболдук аянтчасы айылдын ортосундагы, мурунку спорт аянтчасынын ордуна курууга макулдук берилсин.
3. Курулушка тиешелүү документтерин топтоп, иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамбеткеримовко жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Ашымов |
|
|
Катчы | И.Жээнтаев |
|
|