Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 1/2
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктарын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына берүү жѳнүндѳ келишимин бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 22-июлундагы №01-37/63 сандуу ѳтѳ маанилүү жана шашылыш телефонограммасы менен таанышып жана талкуулап Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктарын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына берүү жѳнүндѳ келишими бекитилсин.
2. Келишимде кѳрсѳтүлгѳн шарттарды аткаруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |