Редакцияот 01.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз XIII сессиясы

 

2018-жылдын 01-февралы №13/1

Авлетим айыл аймагынын жаңы конуштардагы жер аянттарын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жер участкаларын которуу (трансформациялоо)» жөнүндөгү 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтомунун негизинде айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 29.01.2018-жылдагы кошмо отурумунун №18 жана №9 протоколуна ылайык, сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айыл аймагынын жаңы конуштардагы жер аянттарын которуу (трансформациялоо) боюнча Авлетим айыл өкмөтүнүн сунуштамасы кабыл алынсын.

2. Трансформациялоого сунушталган 77,2 жер аянттары жайгашкан участкалары боюнча жайыт аянттарынын эсебинен чыгарылсын жана турак-жайлар аянттарынын эсебине кириштелсин.

3. Трансформациялоо процессин аягына чейин ишке ашыруу бул токтомду тиешелүү жогорку органдарга жөнөтүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарба жана экология», «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (төрагалары А.Төлөбаев, К.Жолдошов) жүктөлсүн.

5. Токтом avletim.akcy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Тѳрага

А.Шырдаков