Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-февралы №13/2
Айыл аймагынын жайыттарына Авлетим айыл аймагына тийешелүү болбогон жактардан келген малдардын бардык түрүнө жайытты пайдалангандыгы үчүн акыны жогорулатуу боюнча жайыт комитетинин сунушу жөнүндөгү айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 2018-жылдын 29-янарындагы № 10/1-2-протоколунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймаынын жайыттарына сырттан келген малдардын бардык түрүнө жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы жергиликтүү малдар үчүн каралган жайыт акынын өлчөмүнө салыштырмалуу үч эсеге жогорулатылып каралсын жана 2018-жыл үчүн төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Жылкынын 1 башына 321сом
Кара малдын 1 башына 243сом
Жаш бодо малдын 1 башына 168сом
Кой эчкинин 1башына 48сом
Козу-улагы үчүн 24сом
2. Айыл аймагына сырттан келген малдардын эсебин тактап, аларга жайыттарды аныктоодо жана жайыт билеттерди жазып берүүдө жайыт комитетинин ишин принциптүүлүктүн негизинде жүргүзүү анын төрагасы Ж. Д. Атеновдон талап кылынсын.
3. Маллдарды жайыттарга жайгаштыруу иш аракеттери аяктагандан кийин сырттан келген малдардын эсебин, алардын бардык түрү боюнча тактап, айылдык кеңешке жана айыл өкмөтүнө жазуу жүзүндө маалымыт берүү жайыт комитетинин жетекчисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Төлөбаев А. А.) жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. С. Абдиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|