Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №14/1
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жанан этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-февралындагы №51 сандуу өтүнүч катын колдогон чечимине жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 4-беренесинин 3-пунктуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылындагы участкалык ооруканасынын жана №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун участкалык жер аянттары (тиешелүү түрдө 0,425га жана 0,25 га) Авлетим айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом Авлетим айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган каттоонун маалыматтык базасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Жолдошовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|