Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №15/1
Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын 2018-жылдын 16-мартында болуп өткөн биринчи курултайынын чечимдерин талкуулап, сессиянын кароосуна сунуш кылган 2018-жылдын 28-мартындагы корутундусуна жана жергиликтүү жамааттын Уставынын 12.3-беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын биринчи курултайынын төмөндөгү токтомдору жактырылсын:
а) Авлетим айыл аймагынын калктуу пункттарындагы, көчөлөрдөгү жана коомдук жайлардагы санитардык абалды жакшыртуу жана айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча жамааттын (коомчулуктун) алдындагы милдеттер жөнүндөгү 2018-жылдын 16-мартындагы №1/1 токтому.
б) Айыл аймагынын калкынын арасындагы коомдук тартиптин абалы жана алкоголдук ичимдиктердин соода точкаларында сатылышына мыйзамдын талаптарына ылайык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2018-жылдын 16-мартындагы №1/2 токтому.
2. Сессиянын бул токтому менен жактырылган курултайдын чечимдерин аткарууга алуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү айыл өкмөттүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Курултайдын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү тууралуу жазуу жүзүндө айылдык Кеңешке 2018-жылдын 1-июнуна маалымат берүү айыл өкмөттүн башчысы Н.Абдырамановдун эсине салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин «Социалдык» жана « Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (К.Шабданов, А.Мырзамамытова) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|