Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №15/3
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун Авлетим токой чарбасынын директору Батырбеков Замирбек Абасбековичке «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндөгү 2018-жылдын 26-мартындагы №90 сандуу сунушуна жана бул сунушту караган айылдык Кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы №21 протоколуна ылайык жана Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31,2 беренесинин негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим токой чарбасынын директору Батырбеков Замирбек Абасбековичке «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
2. «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана «Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны» деген жазуусу бар тасманы даярдап, Батырбеков Замирбек Абасбековичке тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Төлөбаев А.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|