Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №15/4
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун Авлетим айылынын тургуну, жеке ишкер жана Аксы райондук “Сётокан каратэ-до ИНТЕРНЭШНЛ федерациясынын” президенти Нурматов Бообек Абдылдаевичке “Авлетим айылынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу тууралуу 2018-жылдын 28-мартындагы №96 сандуу сунушун колдогон айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 28-мартындагы кортундусуна жана Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесинин негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылынын тургуну, жеке ишкер жана коомдук активист Нурматов Бообек Абдылдаевичке “Авлетим айылынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. “Авлетим айылынын ардактуу жараны” наамын тастыктоочу күбөлүк баракчаны жана “Авлетим айылынын ардактуу жараны” деген жазуусу бар тасманы даярдап, Нурматов Бообек Абдылдаевичке тапшырууну уюштуруу айыл өкмөттүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.Ө.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |
|
|