Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/2
Авлетим айыл аймагындагы санитардык абалды жакшыртуу жана мыйзамсыз спирттик ичимдиктерди сатууну чектөө жөнүндө өткөрүлгөн элдик курултайдын чечимдерин аткаруу боюнча тийиштүү буйругу чыгарылып, иш чара түзүлгөн. Ал иш чарада аткарылуучу иштер так көрсөтүлгөн.
Айыл аймагындагы айылдар боюнча айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча иш пландар түзүлгөн. Бул багытта айыл өкмөтүндө штаб түзүлүп, штабдын башчысы А.Осмоналиев тарабынан 4 (төрт) жолу отурум өткөрүлгөн. Бул отурумдарда билим берүү уюмдарынын жана бала бакчалардын айланасында спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө жана 18 жашка чейинки өспүрүм балдарга тамеки жана спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салуу туурасындагы маселелер каралган. 2018-жылдын апрель айынын биринчи жумасында актоо, тазалоо, сырдоо иштеринин айылдардагы аткарылышы боюнча штаб мүчөлөрү рейд уюштуруп, 8 айылды кароо менен тиешелүү сын-сунуштарды беришкен. Айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу боюнча ушул багытта долбоор жазылып алынган муниципалдык менчиктеги тракторду ишке чегерип, бардык айылдардагы таштандылар атайын даярдалган жайга жеткирилген. Көчөлөрдү, мекеме ишканалардын имараттарын учурдун талабына ылайык түнкү жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге ички арыктарды, селден сактоочу каналдарды тазалоо иштери Байгашка-Терек, Тегирмен-Сай, Авлетим айылдарында аткарылды. Мыйзамсыз спирттик ичимдиктерди сатууну чектөө максатында Аксы РИИБнүн участкалык тескөөчүлөрү Апсамат уулу Элеман, Курбанбаев Ыманалылар түнкү рейддерди жүргүзүшүп 9 (тогуз) күркө ээсине эскертүүлөрдү беришти. Ошондой эле жашы жете элек балдарга спирттик ичимдиктерди жана тамеки сатпоо жөнүндө айыл аймагындагы күркө ээлерин топтоп жыйын өткөрүлдү жана тиешелүү тапшырмалар берилген.
Авлетим айылдык Кеңешинин “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 07.06.2018-жылдагы №19 протоколуна ылайык Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагындагы айылдарды санитардык абалды жакшыртуу жана спирттик ичимдиктерди мыйзамсыз сатууга чек коюу жөнүндөгү курултайдагы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айылдардагы таштандыларды айына 1 (бир) жолу ташып чыгарууну уюштуруу жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Спирттик ичимдиктерди мыйзамсыз жана белгиленген убакыттан тышкаркы мезгилде саткан атуулдар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу жагы РИИБнүн участкалык тескөөчүлөрү Апсамат уулу Элеманга жана Курбанбаев Ыманалыга жүктөлсүн.
4. Айыл аймагындагы санитардык абалды жакшыртуу боюнча жумуштарды көзөмөлгө алып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мекеме ишканалардын жетекчилерине эскертилсин. (мектеп директорлору, оорукананын башчысы, Токой чарба башчысы).
5. Бул токтомду мамлекеттик Реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом www.avletim.aksy.kgсайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |