Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 5-пунктуна жана айылдык кеңештин Регламентинин -беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин айрым туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар Мырзамамытова Айнура Адилбековна жана Жапаркулова Лайли киргизилсин.
1.2. Шабданов Кененбай Муктарович “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагалык милдеттеринен өз арызынын негизинде бошотулсун.
1.3.Мырзамамытова Айнура Адилбековна “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы болуп шайлансын.
2. Сатыбалдиев Муратбек “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылып, “Бюджет жана экономика” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына шайлансын.
2.1. Назаралиев Жолдошбек курман болгондугуна байланыштуу “Бюджет жана экономика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “чыкты” деп табылсын.
3. Аликеев Каныбек курман болгондугуна байланыштуу “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамынан “чыкты” деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.С.Абдиевге жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |