Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/5
Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылынын тургундарынын сунушуна жана “Укук, мыйзам жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол №18 07.06.2018-жыл) ылайык Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылындагы №15 мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, маркум Алымкулова Айчүрөк Батырбековнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Көрнөктүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик Реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом www.avletim.aksy.kgсайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |