Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/6
Бул маселе боюнча “Региондорду өнүктүрүү” жылында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун маалымдамасын угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Региондорду өнүктүрүү” жылында айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун маалымдамасы көңүлгө алынсын.
2. Авлетим айыл аймагынын 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын кабыл алынган планын так жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнөн (башчысы Н.Абдыраманов) талап кылынсын.
3. “Региондорду өнүктүрүү” жылындагы иштердин аткарылышынын абалы жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун жылдык отчётун угууда эске алынып, тийиштүү баа берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Тургуналиев К.О.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |