ТоктомКүчүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-августундагы № 3 «Бюджеттин кошумча түшкѳн киреше булактарынын эсебинен башкаруу аппаратына, маданий-массалык иш чараларга жана турак-жай жана коммуналдык кызмат статьяларына акча каражаттарын ажыратуу жѳнүндѳ» токтому

Редакция16.08.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) XХI сессиясы

 

2016-жылдын 16-августу № 3

Бюджеттин кошумча түшкѳн киреше булактарынын эсебинен башкаруу аппаратына, маданий-массалык иш чараларга жана турак-жай жана коммуналдык кызмат статьяларына акча каражаттарын ажыратуу жѳнүндѳ

Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р.Рахматовдун бюджет тин кошумча түшкѳн акча каражаттарынын эсебинен башка иш чараларга, мисалы маданий-массалык, турак-жай жана коммуналдык кызматтарга акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттин кошумча кирешеден алынуучу салыктан 600,0 миң сом, ыктыярдуу патенттен 2 550,0 миң сом, сатуудан түшкѳн салык эсебинен 1 500,0 миң сом, айыл чарбасына арналбаган жерлерди сатуудан түшкѳн 200,0 миң сом, бардыгы болуп 4 850,0 миң сом түшкѳн киреше булактары нын эсебинен айыл ѳкмѳтүнүн керектелүүчү статьяларына башкаруу аппа раттын разделинин 2215 статьясына 300,0 миң сом, маданий-массалык иш-чара разделинин 2215 статьясына 415,0 миң сом, турак-жай жана коммунал дык кызматтар разделинин 2215 статьясына 600,0 миң сом, 3111 статьясына 3 500, 0 миң сом, бардыгы 4 850 акча каражатын каржылоого уруксат берилсин.

2. Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБүнѳ – Кыргыз Рсепубликасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жѳнүндѳгү” мыйзамынын талаптарына ылайык иш жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана фианнсы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Б. Жунусов