Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/7
Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:
а). Мамытова Кишимжан – Авлетим айылынын тургуну, райондук маданият үйүнүн солисти.
б). Тасмаев Болотбек Рысбекович – белгилүү ырчы, чебер аткаруучу.
2. Авлетим участкалык ооруканасынын акушер-гникалогу, айылдык кеңештин депутаты Мырзамамытова Айнура Адилбековнаны Кыргызстан Аялдар Конгрессинин алтын медалына көрсөтүлсүн.
3. Тийешелүү жогорку органдарга сунуштамаларды берүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. “Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны” наамы Авлетим айыл өкмөтүнүн алдындагы ветсервистин ветеринары Маманов Аскар Доорановичке ыйгарылсын.
4.1. “Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын тастыктаган күбөлүк-баракчаны жана тулку боюна илинүүчү кызыл тасманы даярдап тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |