Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-июну №17/8
Авлетим жайыт комитетинин 2018-жылдын 4-июнундагы №13 сандуу билдирүүсүнө жана айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдук берген корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген иш планындагы Коргон айылынын «Шор-Булак» булагын оңдоо үчүн каралган 20,0(жыйырма) миң сом акча каражаты алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоо үчүн күйүүчү майлоочу материалдарды сатып алуу үчүн жумшоого макулдук берилсин.
2. Авлетим жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген иш планына ушул токтомдун 1-пунктуна таянып тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген иш планын ага киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аткарууга алуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына(Тургуналиев К.) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |