Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу №18/1
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун жамааттарда өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорунун негизинде сунуштаган участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамынын 1-6-7 беренелеринин 1-бөлүмүнүн 1,2,6,7 пункттарына жана 19-беренесине негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №2317 Мукур, №2318 Авлетим, №2319 Байгашка-Терек, №2320 Дейрес, №2321 Коргон, №2322 Итагар участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен шайлоо комиссияларынын курамын бекитип берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Абдиевге милдеттендирилсин.
Тиркеме: 6 баракта, 1 нускада.
Тѳрага | А.Шырдаков |