Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №19/1
Айылдык Кеңештин « Укук, мыйзам жана этика» жана «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 14-августундагы кошмо отурумунун №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогикалык жамаатынын 2018-жылдын 9-августундагы Кожоматова Раткан Эмилбековнанын ысымын ушул уюмга ыйгаруу жөнүндөгү №1 токтомун жана бул токтомду бекитип берүүнү суранган Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-августундагы №262 сандуу сунуш катын колдогон чечимине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгашка-Терек айылындагы №25 мектепке чейинки билим берүү уюмуна маркум Кожоматова Раткан Эмилбековнанын ысымы ыйгарылсын.
2. Көрөнөктүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү жана алардын туура жайгашуусуна, туура жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом мамлекеттик Реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом www/avletim.aksy/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына Мырзамамытова А) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |