Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №20/2
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Киреше бөлүгү: Ыктыярдуу патент салыгы боюнча жыл башынан бекитилген сумма 346,0 миң сом, кыскартылуучу сумма 74,0 миң сом.Калганы 272,0 миң сом менен план өзгөртүлсүн.Негизи КРО караштуу МСКнын №46 буйругу.
Чыгаша бөлүгүнөн 74,0 миң акча каражатын кыскартуу боюнча;
-Кабаев мектебинин короосу -40,0 миң, Резервдик ротага – 6,0 миң, Мукур жаштарына спорт инвентарь алуу – 20,0 миң, Тендерден үнөмдөлгөн акча каражаттан – 8,0 миң. Жалпысы 74,0 миң сом.
2. Конторанын капиталдык ремонтунун аткарылган кошумча жумуштарына КР Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын 21 статьясына негиз кошумча сметага 200,0 миң. Бул сумма сел ташкындарына каршы коюлган 200,0 миң сом.
3. Аткарылбай калган жумуштарды өзгөртүү боюнча:
Дейрестеги ички жолдорду шагылдоо – 70,0 миң жана Беш-Чынар участкасына желим труба алуу- 20,0 миң сом. Жалпысы 90,0 миң сом акча каражатын жаңы насоско электр чубалгысын тартууга жумшоо үчүн.
Алымкулов о.м. чатырчасын оңдоого – 40,0 миң сом акчаны, жылытуу системасына печка сатып алууга тендерден үнөмдөлгөн акча каражатынан 40,0 мин кошумча кошуп. Жалпысы 80,0 миң сом.
Молдо Багыш мектебинин жылытуу системасын учурдагы ремонттон өткөрүү – 60,0 миң сом акчаны, жылытуу системасына печка сатып алууга тендерден үнөмдөлгөн акча каражатынан 20,0 миң кошумча кошуп. Жалпысы 80,0 миң сом.
А.Батыркулов атындагы Итагар орто мектебин жылуулоо үчүн учурдагы ремонтуна – 70,0 миң жана короосу үчүн 50,0 миң сом акча каражатын кошуп, 120,0 миң сом акча каражатын ушул эле мектептин 1-корпусуна эшик-терезесин жаңылоого.
4. Тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражаттарынан: 344,0 миң сом.
- Алымкулов о.м. печка алууга – 40,0 миң
- Молдо Багыш о.м. печка алууга – 20,0 миң.
- Авлетим бала-бакчага эмерек алууга (кир машина, электр.печка) – 40,0 миң.
- Дейрес караулкана кошумча – 20,0 миң.
- Конторага жылытуу систиемасына батарея алуу, орнотуу жана жалюзный штора алуу жана орнотуу – 122,0 миң сом.
- Оут-Сай эл. линия тартуу – 24 миң сом.
- Мукур балдар ойноочу жайга ворота – 20,0 мин сом.
Нүзүп Аталыктын эстелигине – 50,0 миң.
- Ыктыярдуу патент салыгын кыскартууга – 8,0 миң.
Жалпысы: 344,0 миң сом.
5. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетинин төргасына жүктөлсүн.
7. Токтом www.avletim.aksy/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Тѳрага | А.Шырдаков |