Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №20/4
Авлетим айылдык аймактын жергиликтүү жамаатарынын Уставынын 31.2-беренесинин жана « Укук,мыйзам жана этика», «Социалдык» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы кошмо отурумунун корутундусуна ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Авлетим айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын.
- Каратаев Рахманберди Атантаевичке- эмгек ардагери, пенсионер.
- Бегарстанов Темиркул Узеновичке - эмгек ардагери, пенсионер.
- Ормонкулов Жакыпбек Рай уулу – Авлетим айылынын тургуну (мурдагы айыл башчы)
2. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
- Абдиев Бактыбек Абишевичке - «Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин» директору.
- Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичке – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
- Эргешов Алмазбек Манасбековичке - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
- Юсупов Ысманбек Эмилбековичке - жеке ишкер.
3. «Ардактуу жаран» наамдары ыйгарылган инсандардын ар бирине күбөлүк-баракчаны жана тулку боюна илинүүчү тасманы жана төш белгини тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук,мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Жолдошовго жуктолсун.
Тѳрага | А.Шырдаков |