Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №21/7
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы чыгыш №395 сандуу сунуштама катынын жана айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2018-жылдын 19-ноябрындагы корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы чыгыш №395 сандуу сунуш катынын негизинде кабыл алынган айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2018-жылдын 19-ноябрындагы корутундусу көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жер тилкесин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» Кодексинин жана жерлерди менчиктештирүүгө тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүү Авлетим айыл өкмөтүнө (башчысы Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (К.Жолдошов, А.Төлөбаев)жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |