Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №21/8
Айылдык Кеңештин « Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун, айыл өкмөттүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №397, №398, №399 сандуу сунуштарынын карап жактырган корутундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга «Авлетим айылынын ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын.
1.1. Нуралиев Аманалы Нуралиевичке
-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, эмгектин ардагери.
1.2 Стамкулова Бурул Исаковнага
- дастанчы, обончу жана аткаруучу.
1.3 Карчыгаев Абдылда Жолдошовичке
- айыл өкмөтүнүн юристи, ардагер.
2. «Ардактуу жаран» наамдары ыйгарылган жарандарга тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана башка тиешелүү белгилерди тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин « Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шырдаков |