Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №22/2
Айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 19-декабрындагы корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылындагы А.Кабаев орто мектебинин терезелерин кайра калыбына келтирүү долбоорун колдоо үчүн 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 3111 статьясына 301 800,00 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатынын аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Тургуналиевге жүктөлсүн.
4. Токтом www.avletim.aksy/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Тѳрага | А.Шырдаков |