Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №157
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Чоюновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 30-январындагы №1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары менен жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Чоюновдун маалыматы эске алынсын.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына (Э.Чоюнов) башкармалыктын расмий сайты аркылуу жарандардын жазуу жүзүндөгү электрондук кайрылуулары боюнча иш алып барууну жолго коюу жана күчөтүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|