Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеӊешинин ХIХ чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2019-жылдын 19-февралы №162

Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы «Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 14-декабрындагы Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы «Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 871/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №5 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы «Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө» №230 токтомунун 4-пункту «Ипотекалык кредиттөө шартында сатылган турак-жайды Ош шаарынын мэриясы тарабынан, сатып алуучуга келишимде көрсөтүлгөн сумманы толугу менен төлөп бүткөндөн кийин, токтомдун негизинде жеке менчикке өткөрүлүп берилсин” деген пунктча менен толукталсын.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж.Ормонов