Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №163
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 30-январындагы №88/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 токтомунун 1-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №9 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтому менен бекитилген 1-тиркемедеги «Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө» Жобонун 2.1. пункту өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
“2.1.Комиссия Ош шаарынын мэриясы тарабынан төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:
-Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү;
-Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү;
-Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлдөрү.
Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн”.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү” Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №163 токтому менен бекитилген №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №125 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|