Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №164
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 23-январындагы №58/08-13 «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №156 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №59 токтомунун 2-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №6 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы «Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» №156 токтомунун 1-тиркемесинин III бөлүгүнүн 7-пункту өзгөртүлүп, “Комиссиянын курамына Ош шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын Ош шаарынын мэриясы бекитет” деген редакцияда окулсун.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамында Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын калтыруу сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|