Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №169
Ош шаардык Кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө №142 токтомун, 2018-жылдын 28-ноябрындагы №79 жазма буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасынын 2019-жылдын 8-февралындагы №01-7/72 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктунун акыркы абзацындагы кашаанын ичинде жайгашкан «мекеме-уюмдарында» деген сүйлөм кашаасы жок «менчигинин түрүнө карабастан» деп өзгөртүлсүн:
-Жобонун II бөлүмүнүн 10-пунктундагы «бештен ашпаган» деген сүйлөм алынып салынсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|