ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2019-жылдын 21-февралы №19/3
Талаа-Булак айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктаган типтүү жобого ылайык иштелип чыккан “Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсунун” 3-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛА:
1. Талаа-Булак айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына
1. Өмүрбаев Сыргак айылдык Кеңештин депутаты
2. Талант уулу Акжол айылдык Кеңештин депутаты
3.Көкөбаев Нукан Дөн-Алыш айылынын аксакалдар сотунун төрагасы
4. Саралаев Калыйбай «Талаа-Булак Биримдиги» коомдук бирикмесинин мүчөсү
5. П.Багышова аялдар Кеңешинин мүчөсү
6. А.Кадыркулова айыл өкмөтүнүн башкы адис юрист
7.А.Таалайбек уулу айыл өкмөтүнүн соц адиси бекитилсин.
2. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексин, башка ченемдик укутук актыларды жана «Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсун” жетекчиликке алышсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|