ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2019-жылдын 21-февралы №19/5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүгүнө кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык өз ара жардамдашуу, социалдык, экономикалык жана маданият милдеттерди биргелешип чечүү, укуктарды жана кызыкчылыктарды кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуу жана мүчөлүк төлөмдөрдү төлөө боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|