Редакцияот 21.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

 

2019-жылдын 21-февралы №19/6

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жөнүндө

 

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Исраилованын отчетун угуп «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесинин 2- пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы жергиликтүү

бюджетинин киреше бөлүгү: 9507266 сомго,

ал эми чыгаша бөлүгү: 9644392 сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүн толугу менен аткаруу жагы айыл аймагынын башкы эсепчисине жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Р.Эсекеев