ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2018-жылдын 02-ноябры №16/2
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы Маданият үйүнүн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилʏʏчʏ тʏрткʏ берʏʏчʏ грант менен Талаа-Булак айыл аймагынын Маданият ʏйʏнʏн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кочкор райондук шаар, курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө А.Бейшекеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Маданият ʏйʏнʏн административдик конторасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2231 469 (эки миллион эки жүз отуз бир миң төрт жүз алтымыш тогуз) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн 2019-жылдык бюджетинен өздүк салым үчүн 7% өлчөмүндө накталай 156,203 сом төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|