Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-ноябры №16/3
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилʏʏчʏ тʏрткʏ берʏʏчʏ грант менен Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы “Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун” имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кочкор райондук шаар, курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан бʏткөрʏлгөн сметасы жөнүндө А. Эмил уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы “Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун” имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2 849 921,01 (эки миллион сегиз жүз кырк тогуз миң тогуз жүз жыйырма бир сом сегиз тыйын) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдык бюджетинен Дөң-Алыш айылындагы “Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун” имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 7% өлчөмүндө өздүк салым үчүн накталай 199 494,47 (бир жүз токсон тогуз миң төрт жүз токсон төрт сом кырк жети тыйын) сом төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|