ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 19-декабры №17/6
2018-2022-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы жөнүндө
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, малдардын ден соолугун коргоо жана жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүү боюнча . 2018-2022-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы жөнүндө Т.Ниязалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “2018-2022-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы» бекитилсин. . 2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө негизги милдет экендиги белгиленсин.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|