ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 19-декабры №17/8
Жергиликтүү бюджетин 2018-жылга каралып бекитилген бюджеттинин акча каражатынын беренелерин которуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бекитилген бюджеттин ичинен беренеден ,беренеге которуу жөнүндө, айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын « Бюджеттик кодексинин» 109-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын бюджетинин билим берүү тармагындагы, бала-бакча бөлүмүнө каралган акча каражатын төмөнкүдөй:
70911 бөлүмдүн 2211 кызматтык иш сапар чыгымдар беренесинен
22963 ( жыйырма эки миң) сом акча каражаты кемитилип,
70911 бөлүмдүн 22154900 беренесине
22963 ( жыйырма эки миң) сом акча каражаты которулуп берилсин
2. 2018 - жылга бекитилген жергиликтүү бюджетин беренелерин которуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |
|
|