Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 5
« Золотая корона » балдар бакчасынын имараты үчүн ижара акысынын ѳлчѳмүн белгилѳѳ жана коммуналдык тѳлѳмдѳрүн жергиликтүү бюджеттен тѳлѳѳ жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБүнүн башчысы Р.Рахматовдун «Золотая корона» балдар бакчасынын имараты үчүн ижара берүүчүгѳ акысынын ѳлчѳмүн белгилеп, ал эми коммуналдык тѳлѳм акысын жергиликтүүбюджеттин эсебинен каржылоо зарыл экендиги жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Золотая корона» балдар бакчасынын имараты үчүн ижара акысы ай сайын 20 000 (Жыйырма миң) сом деп белгиленсин.
2. Бакчанын коммуналдык тѳлѳмдѳрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |