Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры №18/3
Талаа-Булак айыл аймагынын “С.Эсеналиев “ атындагы бала бакчаны башчысы А.Абыкешова аткарган кызматына жоопкерчиликсиз мамиле жазагандыктан “Чыгышэлектр” ААКнун Нарын филиалы, Нарын райондук электр тармактар ишканасынын электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузуулар жөнүндө 12-декабрь 2018 –жылы №8697 АКТ сынын негизинде айыл өкмөтүнө 139 миң сом айып пул салынгандыктан Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 23-статьясына ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “С.Эсеналиев” атындагы бала бакча башчысы А.Абыкешованын аткарган жумуштарында бир катар кемчиликтерге жол берилгени белгиленсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмүнүн муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бузгандыгы үчүн «С.Эсеналиев» атындагы бала бакча башчысы А.Абыкешованы бала бакча башчысы кызмат ордунан четтетүү жөнүндө сунуш берүүнү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Эсекеев |