Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-январы №16/2
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2018-жыл ичинде аткарган иштер көпчүлүк добуш менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Бүргөн айыл аймагын 2018-жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө кемчиликтерге жол берилгени белгиленсин.
3. Жергиликтүү бюджетти өз максатында туура пайдалануу жагы тапшырылсын.
4. 24000сом каражат Н.Соодонбеков тарабынан жергиликтүү бюджетке төгүлсүн.
5. Жарандарга берилүүчү маалымдамаларды алууда жергиликтүү тургундар тарабынан салык адиси, жайыт, таза суу адистерине кол койдурбастан берүү жагы тапшырылсын.
6. М.Базаркулов атындагы орто мектебинин директорунун милдетин аткаруучу Г.Майрыкеевага 2018-жыл ичинде бөлүнүп берилген каражаттарды өз убагында максатуу пайдаланбагандыгы үчүн жана №4ҮДТнун башкы эмчи айымы Г.Айтбаевага жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар айтылгандыгын эске алып тийиштүү жетекчиликтерине чара көрүү үчүн сунушталсын.
7. Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Соодонбековго тапшырылсын.
Тѳрага | Г.Каналиева |