Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №15
Теплоключенка айылдык кеңешинин 2008-жылдын 11-мартындагы 24 чакырылышынын 15 сессиясынын №12 чечимин эске алып, айылдык кеңеши 2015-жылдын 27-июлундагы №48 токтому менен айыл аймагынын Башкы мерчемин (Генпланды) бекиткен.
Айыл аймагынын Башкы мерчеминин (Генпландын) негизинде айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун сугат айдо жеринин №971-контурдагы 47,0га; №787-контурдагы 32,0га жана №782-контурдагы 20,0 га - бардыгы 99,0га жер аянты айылды кеңейтүүгө каралган.
Жогоруларды эске алуу менен айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун сугат айдо жеринин №971-контурдагы 47,0га; №787-контурдагы 32,0га жана №782-контурдагы 20,0 га - бардыгы 99,0га жер аянты айыл тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш. Кобонбаевге жуктөлсүн.
Тѳрага | Темиров Э.А. |
|
|