Редакцияот 13.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Темир айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы

 

2018-жылдын 13-февралы №42

Темир айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча каражатын кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30ундагы №75 «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат» Мыйзамынын 6-беренесинин31-бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген 8- сааттан ашык иштегендиктери үчүн, ошондой эле коммуналдык чыгымдардын, анын ичинен электр энергиясына болгон төлөмдөрдөрдүн кымбаттагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Ж. Абдыкадыровдун айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Темир айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Темир айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акыларын кошумча 15% пайыз өлчөмүндө акча каражаты кошуп берүү жагы каралсын.

2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Темир айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а жана ФЭБнүн башчысы Ж.Ж.Абдыкадыровго милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж.Урбаев