Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчетун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовтун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет).
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылжын 9-айына такталган планы бюджетинин киреше бөлүгү 16142,4 миң сом эсебинде бекитилип, 16705,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (расчеттор тиркелет).
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 16714,9 миң сом бекитилип, 13735,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (расчет тиркелет).
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп кошумча киреше булактарын таап бюджетти толтуруу финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|