Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №2
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2019-жылга калган 1403,7 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовтун маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2019-жылга калган 1403,7 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовтун маалыматы эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн бюджетинде 01.01.2019-жылга калган 1403,7 миң сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|