Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы 01.01.2019-жылга калган 130,7 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовтун маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамын II-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2,2 пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетундагы 01.01.2019-жылга калган 130,7 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовтун маалыматы эске алынсын.
2. Балдар бакчаларынын капиталдык ремонтоо үчүн 87,0 миң сом. Аппарат кызматкерлрине комплект компьютер алууга 43,7 миң сом.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|