Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №5
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин, 6-пункутуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчету эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчеттук маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.
3. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин кемчилдиктерин тез арада четтетүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге, Эл чарба, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы А.Расуловко жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|