Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №6
Жергиликтүү тургундардын өздөштүрүп мөмөлүү бак-дарак эгүү үчүн жазып кайрылган арыздарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июлугдагы 306 токтомуна таянып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун жана жер маселелери боюнча адиси А.Оморбековдун калк жашаган конуштарга жакын жайыт жерлеринен 236,0 га жер аянтын жайыт жерлеринен бир категориядан экинчи категорияга (трансформациялоо) которуу жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Келечек каналынын участкасындагы №534, 535, 535-а, 536, 848, 847, 846, 845, 844, 550, 551, 552, 842, 841, 839, 838, 836, 606, 607, 607-а, 608, 609, 610, 611, 612, 613, 614, 615, 616, 617, 618, 619 контурларынан жалпысынан 236,0 га жайыт жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга өздөштүрүп (мелиоративдик даярдык) мөмөлүү бак-дарак эгүү үчүн которулсун.
3. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн жер аянттарын трансформациялоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
4. Жалпы жер аянты 236,0 га түзгѳн айылдык калк жашаган конуштарга жакын жерлерди өздөштүрүп мөмөлүү бак-дарак эгүү үчүн жайыт жерлерин бир категориядан экинчисине которуу (трансформациялоо) Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгѳн жер комиссичсынан суралсын.
5. Бул токтом Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн башчы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|