Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №8
Кызыл-Кыя айылынын тургуну Раманов Авакул Каримовичтин 27-декабрь 2018-жылдагы кириш №Р-41 Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнө жана кириш №Р-43 Бүргөндү айылдык кеңешине жазган арыздарын, Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча укуктук комиссиясынын курамынын 28-декабрь 2018-жылдагы сунушунун, депутаттардын сессиядагы жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн сөз-сунуштарын эске алып “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын курамынын 28-декабрь 2018-жылдагы сунушу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыя айылындагы Раманов атындагы көчөсүнө Раманов Карим-Ата деген ат ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана жерге болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын, Ноокен райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн базаларындагы Кызыл-Кыя айылынын Раманов көчөсүнө Раманов Карим-Ата деген өзгөртүү киргизилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке жүктѳлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|