Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №9
Бүргөндү айылдык кеңешине айыл өкмөт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 08-январындагы №01 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык кеңешине айыл өкмөт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 08-январындагы №01 сандуу сунушун эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагынын Курама айылындагы №33 Курама орто мектебине Дооронбек Садырбаевдын ысмы берилсин жана мектептин мөөлү, штампын жана кириш, чыгыш штамптарын, ИИН номерин алуу менен өзгөртүп жаңы жасатылсын.
3. №33 Курама орто мектебинин Уставы №33 Д.Садырбаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби деп өзгөртүлсүн жана мектептин мөөрү, штампы, кириш, чыгыш штамптарын жаңылоо жагы мектеп директору Кубатбеков Каныбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|