Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №10
Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган сунушунун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун Бүргөндү айыл аймагындагы жолдорго шагыл төшөө боюнча демилгелүү сунушунун эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын №18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин айланасына-70 000 сом, Чарбак айылына-40 000 сом, Жүзүм-Бак, МТФ, Жанай-Сай айылдарына-450 000 сом, Борсолдой айылына-50 000 сом, Ак-Бата көчөсүнө-15 000 сом жана Ат-Чабар айылына-40 000 сомдук жолдорго шагыл тѳшѳѳ үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысы – 665 000 (алты жүз алтымыш беш миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|